Экс-депутат Кундузбек Сулайманов үй камагына чыгарылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулаймановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ал өлкөдөн сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үй камагына чыгарылды.

Кундузбек Сулайманов быйыл 1-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан “Камбар-Ата-1” ГЭСин даярдоо долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кармалган.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузууларга шектелип, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

С.К.К. инициалындагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич экени белгилүү болду.

Сулайманов кызматынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштургандыгы айтылган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «НарынГЭС» ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштери улантылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кундузбек Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктарын арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда, 23-февралда токтотту.

Кундузбек Сулайманов 2021-жылы Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын да депутаты болгон.

4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мекенчил» депутаттык топтон депутат Кундузбек Кошалиевич Сулайманов айдоочулук күбөлүк, айдоочулукка окутуу маселелери боюнча депутаттар элдин үнүн жеткирип жатканын, бул популисттик эмес экенин билдирип чыккан.

Сүрөттө: Кундузбек Сулайманов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты