Эскалатордон кулаган бала сакайып, ооруканадан чыкканы маалымдалды
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
11-августта Бишкектеги “Вефа” соода борборунда экскалатордун 2-кабатынан кулаган бала 12-сентябрда сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
2021-жылы туулган А. Б. оор абалда шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшүп, өмүрү үчүн күрөш башталган.
Оорукананын башкы дарыгери менен бирге министр баланын ден соолугун көзөмөлдөөнү колго алган. Бир айга созулган дарылоо жана дарыгерлердин тынымсыз аракети менен оор жаракат алган бала кайрадан басып, сүйлөп, чуркай алган абалган келген.
11-августта бала шаардык балдар ооруканаснан чыгар алдында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов медициналык мекемеге келип, баланын абалына, экрин кыймылдап калганына күбө болду.
Бала ооруканага баш мээнин оор жаракат, баш сөөгүнүн сыныгы, мээнин шишиги жана башка жаракаттар менен түшкөн.
Бейтап эс-учун жоготкон абалда болуп, ага операция жасалган. Андан кийин бала бир жумада эч-учуна келген.
11-августтан 12-сентябрга чейин ооруканада дарыланган баланын абалы жакшы экенидигин дарыгерлер белгилешти.
Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги




