Акыйкатчы кызматкерлери абакта Афтандил Жоробековду кармоо шарттары менен таанышты    

  • 5 месяцев мурун

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы 1-тергөө абагына мониторинг жүргүзүп, кармалгандардын, анын ичинде жарандык активист Афтандил Жоробековдун кармоо шарттары менен таанышты.

Афтандил Жоробековдун камерасына кирген кезде алты адам кармалып турган, экөөнү иликтөө иштерине алып кетишкен, дагы экөө сейилде экени белгилүү болгон. Аталган камерада он адам жайгаштырылган болсо, ошол эле маалда камерага 8 керебет гана коюлган.

Мекеменин кызматкерлери кармалган эки адамды таңга маал алып келишкенин жана ушул эле күнү башка мекемеге этап кылышаарын маалымдашты.

Афтандил Жоробеков кармоо шарттарына жана ден соолугуна даттанган жок.   

Жоробеков ага карата кабыл алынган баш коргоо чарасына макул эместигин, буга байланыштуу анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бергенин кызматкерлерге билдирди.

Президенттин демилгеси менен мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталып жатат.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.

2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков «Туудан колуңду тарт!» акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты