«Желек өзгөрбөйт». Активист Жоробеков УКМКдан чыкканын билдирди
- 9 месяцев мурун
Жарандык активист Афтандил Жоробеков УКМКдан чыкканын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
«Мен УКМКдан чыктым. Аягына чейин турам, желек өзгөрбөйт. Желек өзгөрсүн деп «макул» болгон 66 депутатты саткын деген атка кондурабыз», — деп жазды ал.
Буга чейин Жоробеков аны УКМКга алып кеткенин жазган.
Эске салсак, 29-ноябрда Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.
Муну бөлүшүү