Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Кыргыз Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сейсмикалык станциялары 5-августта саат 07:05 те Ысык-Көл облусунда очогунда күчү MSK-64 шкаласы боюнча 3 баллга жеткен жер титирөөнү каттады.

Сейсмология институтунун баштапкы маалыматтары боюнча жер титирөөнүн очогу Эңилчек айылынан 9 км батышта, Каракол шаарынан 68 км түштүк-чыгышта болгон.

Кыргыз Республикасынын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү — Эңилчек айылында-2 балл, Кургак айылында-2 балл.

Сүрөт: Сейсмология институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты