Токтогул районунда жер силкинди
- 6 дней мурун
Илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, 2-мартта саат 18:44тө Токтогул районунда жер титиреди.
Жер титирөөнүн очогу Көк-Бел айылынын түштүк-батышынан 3 чакырым, Кетмен-Төбө айылынын түштүк-батышынан 17 чакырым, Кара-Көл шаарынын түндүк-чыгышынан 20 чакырым, Токтогул шаарынын түштүгүнөн 22 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Көк-Бел айылында 3,5 балл, Кара-Көл шаарында жана Кетмен-Төбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




