Мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусуна өзгөртү киргизүү боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 28-сентябрда, Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, “Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат”.  

Баш сүрөттө: Мамлекеттик туу

Сунушталган варианты төмөндө:

Мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү сунушталууда
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты