Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Мыйзам долбоорунун талкуусу парламентте талаш-тартыш менен жүрдү. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбооруна каршы добуш берерин билдирсе, Акбөкөн Таштанбеков мыйзам долбоору кабыл алынса, чыгым канчалык болооруна кызыкты. Төрага Нурланбек Шакиев бюджеттен эч кандай чыгым болбой турганын айтты. Депутат Арсланбек Малиев түндүктүн туура эмес түшүрүлгөнүн жана желектин түсү кызыл болбош керек экендигин сунуштады. Депутат Тазабек Икрамов эгерде туу кабыл алына турган болсо, эскисин алмаштырбай койгондо, чет өлкөлөргө киргизбей коюшса, ким жооп берерине кызыкты. Төрага Нурланбек Шакиев өзү жооп берерин айтты. Төрага Шакиев ошондой эле тууну өзгөртүү боюнча чыгымдарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын айтты.

Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Депутат Эрулан Кокулов бул мыйзам долбоору биринчи окууда шашылыш кабыл алынганын, бул маселе референдум аркылуу чечилиш керек дегендерге кошуларын билдирди.. «Бизге түшүндүрүп жатканды элге түшүндүрүшүңүр керек болчу. Желек — ар бир жарандыкы» деди депутат Кокулов.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, “Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат”.  

Мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттар:

1. Нилуфар Алимжанова («Альянс»)

2. Эмиль Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»)

3. Кубанычбек Самаков (Ленин округу)

4. Тазабек Икрамов (Сузак округу)

5. Сеидбек Атамбаев (Аламүдүн округу)

6. Дастан Бекешев (Октябрь округу)

7. Максатбек Сарбагышев (Ысык-Көл округу)

8. Арсланбек Малиев (Джети-Огузский округ).

Жыйында жок депутаттар:

1. Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан»)

2. Чынгыз Айдарбеков («Альянс»)

3. Фарходбек Алижанов («Альянс»)

4. Дастанбек Джумабеков (Манас округу)

5. Эмил Жамгырчиев («Альянс»)

6. Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»)

7. Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»)

8. Винера Раимбачаева («Ыйман Нуру»)

9. Эльвира Сурабалдиева (Биринчи май округу)

10. Акбөкэн Таштанбеков (Ысык-Ата округц)

Добуш бербегендер:

1. Бакыт Тентишев («Ынтымак»)

2. Айгул Айдарова («Бүтун Кыргызстан»)

3. Талант Мамытов («Ынтымак»)

4. Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»)

5. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)

6. Эрулан Кокулов («Ынтымак»)

Мыйзам долбоорун колдогондор:

1. Мейкинбек Абдалиев («Ата-Журт Кыргызстан»)

2. Айсара Абдибаева («Ишеним»)

3. Чынгыз Ажибаев (Лейлек округу)

4. Нурланбек Азыгалиев (Жайыл округу)

5. Жанар Акаев («Альянс»)

6. Медер Алиев («Ишеним»)

7. Нурбек Алимбеков (Төлөйкөн округу)

8. Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу)

9. Ырысбек Атажанов (Кадамжай округу)

10. Шайлообек Атазов (Свердлов округу)

11. Динара Ашимова («Ыйман нуру»)

12. Улан Бакасов (Нарын округу)

13. Абдыбахаб Боронбаев («Ата-Журт Кыргызстан»)

14. Эмиль Жусупов («Ишеним»)

15. Русланбек Жакышов («Ишеним»)

16. Жамиля Исаева («Ата-Журт Кыргызстан»)

17. Аида Исатбек кызы («Ынтымак»)

18. Азамат Исираилов («Альянс»)

19. Аманкан Кенжебаев (Сокулук округу)

20. Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»)

21. Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»)

22. Коргонбай уулу Жусупбек (Ноокат округу)

23. Гульшаркан Култаева

24. Жаныбек Кыдыкбаев

25. Лейла Лурова

26. Шарапаткан Мажитова

27. Замирбек Мамасадыков

28. Марлен Маматалиев

29. Таалайбек Масабиров

30. Айбек Маткеримов

31. Искендер Матраимов

32. Гүлкан Молдобекова

33. Марат Мураталиев

34. Жалолидин Нурбаев

35. Сүйүн Омурзаков

36. Улугбек Ормонов

37. Улан Примов

38. Нурлан Ражабалиев

39. Равшан Рысбаев

40. Жылдыз Садырбаева

41. Марс Саккараев

42. Мирлан Самыйкожо

43. Таалайбек Сарыбашов

44. Эльмурза Сатыбалдиев

45. Кундузбек Сулайманов

46. Эльдар Сулайманов

47. Чолпон Султанбекова

48. Нурбек Сыдыгалиев

49. Бактыбек Сыдыков

50. Мурадил Сыдыков

51. Таалайбек кызы Жамиля

52. Камила Талиева

53. Шайырбек Ташиев

54. Миргүл Темирбаева

55. Жеңишбек Токторбаев

56. Данияр Төлөнов

57. Чынберди Төлөнов

58. Балбак Түлөбаев

59. Акылбек Тумөнбаев

60. Азиз Турсунбаев

61. Карим Ханджеза

62. Бактыбек Чойбеков

63. Бахирдин Шабазов

64. Нурланбек Шакиев

65. Алишер Эрбаев.
Сүрөттө: Мамлекеттик туу жана сунушталган варианты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты