Активист Тилекмат Куренов өзүнө АКШда кол салуу болгонун билдирди

Бүгүн, 11-февралда, жарандык активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайбергенов) АКШда өзүнө кол салуу болгондугун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Тилекмат Куренов окуя болгон жерден видео жана сүрөт жарыялап, белгисиз адамдар тарабынан кол салынганын кабарлады. Ал жумушка бара жатканда эки киши күтүп турганын, жолду тороп, машинадан чыгууну талап кылганын полиция кызматкерлерине билдирди. Видеодо машинанын бет маңдайдагы айнегинин сынганын көрүүгө болот.

Тилекмат Куренов АКШда жүрөт, аталган видеодон кийин Фейсбук баракча аркылуу түз эфирге чыгып, окуянын чоо-жайын айтып берди. Куренов кол салгандар орусча сүйлөгөн, азиялык типтеги кишилер экенин, бирин көрүп, экинчисин жакшы көрбөй калганын, алар полиция келгенче качып кеткенин билдирди.

Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча бир жылга эркинен ажыратылган. Куреновдун жаза мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ал абактан бир жыл мурда бошотулган.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги маек берип, анда Тилекмат Куренов, Имамидин Ташов жана Эмил Жамгырчиев тууралуу суроолорго жооп берди.  

-Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер, — деди президент Жапаров.

УКМК активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Тилекмат Куренов) кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады.

Ишкер Имамидин Ташов Фейсбук колдонуучу Асыран Айдаралиевдин баракчасы аркылуу замандаштарга жүрүп жаткан каралоолор боюнча жооп узатты. Анда Тилекмат Куренов менен сүйлөшүүнү кескилеп отуруп, революция деңгээлине чыгарып жибергенин билдирди.

-Акыркы 3-4 күндөн бери менин жана менин компанияма  каралоолор, куру дооматтар тагылып жатат. Ушул боюнча токтоло кетсем. Биринчиден, менден талап кылынган 100 млн сом бул чындык, бир күн келет, бул чындык дагы чыгат. Эгер бул жалган болгондо мени түрмөдөн чыгармак эмес. Экинчиден, Тилекмат Куренов менен болгон баарлашуу, сүйлөшүүнү кырккылап, кескилеп отуруп, революция деңгээлине чыгарганга да үлгүрүштү,-деди Имамидин Ташов.

Ал Тилекмат Куренов менен сүйлөшкөнү чын экенин да баса белгиледи.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Имамидин Ташовго алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын 10-январда билдирди.

Ошондой эле атайын кызмат Ташовго издөө жарыяланганын белгилеп, анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

Сүрөт: Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты