Такси айдоочуга бычак сайып, унаасын айдап качкан шектүү кармалды
- 2 часа мурун
- Жаңылыктар
11-ноябрда саат 03:12 чамасында Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу «Дружба» аймагында такси айдоочусун карактоо фактысы катталган.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Баштапкы маалымат боюнча, 2007-жылы туулган Т.А. «Яндекс» кызматы аркылуу такси чакырып, айдоочу С.А. менен «Дача» аймагына барган. Ал жактагы үйлөрдүн бирине кирип чыккан соң, кайра шаарга жеткирип коюуну өтүнгөн.
Жолдо болжол менен 500 метр жүргөндөн кийин жүргүнчү такси айдоочусуна бычак менен жаракат келтирген.
Жабырлануучу ооруканага жеткирүүнү суранган учурда, шектүү аны унаага салып, №4 шаардык ооруканага жеткирген. Андан соң айдоочунун унаасын айдап, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жабырлануучу “102” кызматына кабар берип, унаасында GPS бар экенин билдирген.
Кайгуул кызматкерлери ыкчам аракет көрүп, унааны Бишкек шаарындагы көчөлөрүнүн биринен токтотуп, шектүү жаранды кармашкан.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. 2007-жылы туулган Т.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: Чүй ОИИББ




