Садыр Жапаров Куренов жана Ташов тууралуу. «Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар»

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кезектеги маек берип, анда Тилекмат Куренов, Имамидин Ташов жана Эмил Жамгырчиев тууралуу суроолорго жооп берди.  

-Булар экөө эле эмес, артында башка топтор да бар. Бирок аларды эл ээрчибейт. Артында масса жок. Ал топтор булардын артына жашынып алып, шыкактап олтурушат. Булардын баары бийлик эңсеген же мурда “чоң акырдан жем жеп” жүрүп, биз келгенден кийин жей албай калган шылуундар. Тагыраагы, мурда казынадан уурдап байып жүргөндөр же миллиарддаган салыктарды жашырып, чөнтөктөрүн кампайтып келгендер.

Мен “Дордойго” барганда ушулар жөнүндө айттым эле. ККМге каршы чыккандар “арабызда андайлар жок” деп кыйкырып чыгышкан. ККМге каршыбыз деп чыккан элдин ою таза. Эптеп өз көйгөйүбүздү айтып, чечип алалы деп ак ниеттери менен чыгышкан. Арасында мындай арам ойлуулардын бар экенин алар кайдан билсин. “Биз да ККМге каршыбыз, баланча базарда иштейм, түкүнчө базарда иштейм” деп алардын арасына кирип алып, лидер боло калышып, максималдуу түрдө чогулгула дешип, эптеп эл массасын чогултуу, анан башаламандык уюштуруп, элдин арасынан беш-алтоону аркасынан атып же жардыруучу зат колдонуп, бир нече киши өлүп кетсе, анан “мына бийлик атты, бийлик өлтүрдү” деп кыйкырып чыгабыз, ошону менен жалпы эл көтөрүлүп кетет деген пландары да бар, -деди президент Садыр Жапаров.

Ишкер Имамидин Ташов Фейсбук колдонуучу Асыран Айдаралиевдин баракчасы аркылуу замандаштарга жүрүп жаткан каралоолор боюнча жооп узатты. Анда Тилекмат Куренов менен сүйлөшүүнү кескилеп отуруп, революция деңгээлине чыгарып жибергенин билдирди.

-Акыркы 3-4 күндөн бери менин жана менин компанияма  каралоолор, куру дооматтар тагылып жатат. Ушул боюнча токтоло кетсем. Биринчиден, менден талап кылынган 100 млн сом бул чындык, бир күн келет, бул чындык дагы чыгат. Эгер бул жалган болгондо мени түрмөдөн чыгармак эмес. Экинчиден, Тилекмат Куренов менен болгон баарлашуу, сүйлөшүүнү кырккылап, кескилеп отуруп, революция деңгээлине чыгарганга да үлгүрүштү,-деди Имамидин Ташов.

Ал Тилекмат Куренов менен сүйлөшкөнү чын экенин да баса белгиледи.   

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) издөө жарыялаган ишкер Имамидин Ташов негиздеген KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз дегендер аны уурдап, 100 млн сом доолаганын айткан.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

«О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталган. Бирок, буга карабастан, «Бишкек Главархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөндүгү айтылган.   

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 батирге жана бир коммерциялык жайга 52,4 млн сом суммасында муниципалдык менчикке кацтаруунун натыйдасында 2023-жылдын 8-декабрында Имамидин Ташовдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Имамидин Ташовго алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын 10-январда билдирди.

Ошондой эле атайын кызмат Ташовго издөө жарыяланганын белгилеп, анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

УКМК активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Тилекмат Куренов) кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп издөө жарыялады.

Расмий сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты