Активист Тилекмат Куренов 1,5 жылга эркинен ажыратылды

  • 3 года мурун

20 -августта Свердлов райондук соту активист Тилекмат Куреновду бир жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан сырткары ал шайлоочуларды сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылып (КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү боюнча) 6 айга эркинен ажыратылды. Жалпы жонунан сот ага бир жарым жыл жаза мөөнөтүн берди.

Эскерте кетсек, активист Тилекмат Куренов 15-мартта кармалган. Ал 2020-жылдын июнь айында, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө жана жаңы Конституциянын кабыл алынышына каршы болуп, депутаттардын жана Президенттин ишин сындаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты