Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты

  • 2 года мурун

Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу тастыктады.

Анын айтымында, Куреновдун жаза мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ал абактан бошотулду.

Эске салсак, активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.

Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты #68455
Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты #68456
Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты #68455 (preview)Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты #68456 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты