Активист Тилекмат Куренов Дубайда аны суракка алышып, бошотушканын билдирди
- 2 месяца мурун
Активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) Фейсбук баракчасы аркылуу “Баары жакшы, бошотушту. Суракка алышты. Шашпай маалымат берем” деп билдирди.
Буга чейин социалдык тармакта, журналист Болот Темиров Дубайда Тилекмат Куреновдун паспорту жоголгонун жана ал өлкөдөн чыга албай жатканын кабарлаган. Анын АКШдан Бириккен Араб Эмираттарына, Дубайга келишине жана паспортунун жоголушуна мурдагы депутат Эмил Жамгырчиевдин тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине шектелип, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновдун активдүү өнөктөштөрү кармалганын кабарлаган.
Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновго (Тилекмат Кудайберген уулу) бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштуруу аракетине байланыштуу издөө жарыяланган. Бул факты боюнча “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
Тилекмат Куренов болсо, АКШга чыгып кеткени маалым болгон. Ал эми Дубайда Тилекмат Куренов менен бирге жүрөт деген Эмил Жамгырчиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүнүн негизинде эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.
Өткөн жылы 27-декабрда Жамгырчиевге кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Социалдык тармактан