Ленин райондук сотунда Тилекмат Куреновдун соту өтүүдө
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Куреновдун (Тилекмат Кудайберген уулунун иши боюнча сот отуруму өтүүдө.
Сот отурумуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев күбө катары келгенин, ал депутат кезинде АКШнын Филадельфия шаарында Тилекмат Кудайберген уулуна жолукканын «Азаттыкка» билдирген.
15-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралып, 19-сентябрга чейин камакта калтыруу чечими чыгарылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).
Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.
Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта да кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.
Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Социалдык тармактан




