Эмил Жамгырчиев камактан бошотулду

  • 6 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев камактан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүнүн негизинде Жамгырчиевди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Бүгүн, 2-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазганы айтылган болчу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты