Депутат Эмил Жамгырчиев 26-февралга чейин камалды

  • 6 месяцев мурун

24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны сот залынан 26-февралга чейин камакка алды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат.

Мунун алдында Жамгырчиевдин адвокаты Кайсын Абакиров сот анын «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» иши боюнча бөгөт чарасын карап жатканын билдирген.

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев 2022-жылы Жамгырчиев Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын айткан. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келгенде да ырастаган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.

Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты