Төңкөрүш жасоо аракетине шектелип, Ташов менен Куреновдун өнөктөштөрү кармалганын УКМК билдирди

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бийликти күч менен басып алуу, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине шектелип, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновдун активдүү өнөктөштөрү кармалганын кабарлады.  

Мурда кабарлангандай, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куреновго (Тилекмат Кудайберген уулу) бийликти күч менен басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштуруу аракетине байланыштуу издөө жарыяланган.  Бул факты боюнча “Бийликти күч менен басып алуу”, “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

Маалыматта айтылгандай, Имамидин Ташов менен Тилекмат Куренов качып жүрүшөт.  

Алынган маалыматтар боюнча, төңкөрүш жасоо иштерине даярдык көрүү иштерин Имамидин Ташов каржылап келген.   

Бул иштер боюнча бир нече киши кармалганы айтылды. УКМКнын маалыматы боюнча, анын ичинде М.А.И. аттуу киши Ош, Жалал-Абад облустары боюнча координатор болуп, ар кандай каршылык акцияларына кишилерди чогултук бермек. Ошондой эле ага чогултулган кишилерге каражат бөлүштүрүү жана аларды ары-бери ташуу милдети жүктөлгөн.    

Талас облусунан К.А.К аттуу жаран кармалды.  Ал АКШда жүргөн кишилерден каражат котортуп алып турмак.  Ал Ташовдун ири суммадагы акча которуу боюнча каражат алгандыгы маалым болгондугу да айтылат. Андан акча каражаттары, люкс машиналар табылган.  

Учурда тергөө иштери улантылып жатканы кабарланды.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Ошондой эле атайын кызмат Ташовго издөө жарыяланганын белгилеп, анын «УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды» деген билдирүүсүн четке какты. Ушундай эле билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында айткан.

Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге «бийликти басып алууну пландаган» деп шек саналууда.

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов Тилекмат Куреновдун Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз дегендер аны уурдап, 100 млн сом доолаганын айткан.

“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң  деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты