Жогорку сот Каныкей Аранованын ишин кайра кароодон баш тартты

Бүгүн, 3-августта, Жогорку сот активист Каныкей Аранованын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароодон баш тартты.

Буга чейин 20224-жылы Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун Каныкей Аранованы 3,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Каныкей Аранова өзүнө тиешеси жок делген фейк-аккаунт үчүн Бишкек шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылган.  

Бишкек шаарынын соттук коллегиясы активист Каныкей Аранованы үч жарым жылга соттогон. Аранова кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айыптуу деп табылган.

Каныкей Арановага Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 120 миң сом айып салган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде камактан чыгарган.

Буга чейин Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан Каныкей Аранова Өзгөн райондук сотунун чечими менен 30 сааттык коомдук жумуш жасоо жазасына тартылган.

Каныкей Аранова Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккандардын митингине катышкан.

Каныкей Аранова 2024-жылы Москвада мигрант болуп жүргөн кезинде кармалып келинген. Учурда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты