Бириккен демократиялык кыймыл президенттик шайлоого бир талапкер көрсөтүү чечимин кабыл алды

Бириккен демократиялык кыймыл президенттик шайлоо бир талапкер көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу кыймыл чечим кабыл алганын Мамбетжунус Абылов «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

“Алдыдагы президенттик шайлоо – демократиялык күчтөрдү бириктирүүгө жана өлкөнү демократиялык өнүгүү жолуна кайтарууга мүмкүнчүлүк. Бириккен демократиялык кыймыл кыргыз тил боюнча тесттен ийгиликтүү өткөн өзүнүн мүчөлөрү Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бектур Асанов, ушул үчөөнүн ичинен бирдиктүү бир талапкер көрсөтүү жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алганын жарыялайт” деп айтылат билдирүүдө.

4-ноябрда Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбрдук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды. 

27-октябрда Азамат Эсенбеков кайрылган.

14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз берген.

28-октябрда Сыймык Жапыкеев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  кайрылды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Президентти шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты