Султанбай Айжигитов УКМКга суракка чакырылды

Бүгүн, 29-апрелде, Султанбай Айжигитовго күбө катары суракка чакыруу келди. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук социалдык тармакка видео тасма жарыялады.

Андагы видео тасмада Султанбай Айжигитовдун үйүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын кызматкери Айжигитовдун жубайы Жолдошеваны депутаттын жардамчысы катары мыйзамсыз кызматка алуу, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү боюнча ачылган кылмыш ишинде күбө катары чакыруу кагазын бере турганын билдирди.

Султанбай Айжигитов азырынча Жогорку Кеңештин депутаты бойдон экенин, соттун чечими азырынча чыга электигин, ошондуктан депутаттык кол тийбестик макамы бар экенин айтты.

Айжигитовду жана аны жубайы Жолдошеваны ачылган кылмыш ишинин тергөөсүнө күбө катары чакырышкан. Ал эми кылмыш иши кимге ачылганы азырынча белгисиз.

1-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды. Эми бул маселени сот териштирет.

28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК)  Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Султанбай Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучуга кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген.

Депутат Султанбай Айжигитов соттолбогонун, эч нерсени жашырбаганын билдирди.

-Соттуулук жок. Жөн гана башкы прокуратура менен УКМК манипуляция кылып, коомчулукту жана БШКны адаштырып жатат. Муну кылмыш десе болот… Мен муну башкы прокуратура менен УКМКнын БШКга басымы деп эсептейм,- деди Айжигитов.

5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.

Ошол жыйындан кийин «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.

Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты