Айыл тургундары: Жерибизди таштап кетпейбиз! (Видео)   

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын тургундары тажиктердин агрессивдүү кол салуусуна карабастан элин, жерин таштап кетпей турганын билдирди.


Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты