Адвокат Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтү узартылды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим 30-декабрга караган түнү аталган соттун судьясы Туратбек Бекенов тарабынан чыгарылды.   

Самат Матцаков чечим чыгарууда сотто мыйзам бузулганын белгиледи:

“Биринчи май райондук соту 30-ноябрда мени 30-декабрга чейин камакка алган. Ушундан улам менин камактагы мөөнөтүм өтүп кетти. Бул маселени өзүнчө караш керек болчу. Мен адвокаттарым менен кеңешип алууга уруксат сураганыма карабай аны четке кагып койду” деди Матцаков.

27-декабрда Биринчи Май райондук сотунда адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы каралып, ал 29-декабрга жылдырылган. Тергөөчү Матцаковдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну суранып, сотко арыз менен кайрылган .Ошондой эле соттун жүрүшүндө жактоочулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, судьяны четтетүүнү өтүнүшкөн. Бирок өтүнүч четке кагылган.

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.

Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ал жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.  

Сүрөт: Сотто Самат Матцаков. 17-декабрь 2024. «ПолитКлиника»/Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты