Көз карандысыз адвокаттар Самат Матцаковдун тез арада бошотулушун талап кылышты  

Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.   

“Биз адвокат Самат Матцаковдун камакка алынышы жөнүндө кабарды терең тынчсыздануу жана нааразычылык менен кабыл алдык. Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын адвокаттык ишмердүүлүгүнүн эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө. Бул окуя кадимки укук коргоо иш-аракеттеринин алкагынан чыгып, Кыргызстандын эркиндигине жана адам укуктарына системалуу коркунуч бар экенин көрсөтүүдө. Самат Матцаков жөн гана адвокат эмес. Ал өзүнүн принципиалдуулугу, чынчылдыгы жана коркунучтарга карабай эң аялуу жарандардын укуктарын коргоого даярдыгы менен таанылган адис. Бул окуя көз карандысыз адвокаттарга гана басым көрсөтпөстөн, укук жана адилеттүүлүк нормаларын толугу менен четке кагуунун көрүнүшү болуп калды ” деп айтылат билдирүүдө.   

Ошондой эле билдирүүдө бир катар Самат Матцаковдун кармалышында бир катар мыйзамдар бузулгандыгы да белгиленди.

1. Камакка алынгандан кийин адвокат өзүнүн үй-бүлөсүн жана кесиптештерин өз убагында кабардар кылуу укугунан ажыратылган. Бул Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин бузуу болуп саналат.

2. Самат Матцаков атдвокат катары да дароо коргоо укугуна ээ болгон, бирок кармалган алгачкы сааттарда бул укук одоно түрдө этибарга алынбай калган.

3. Анын камакка алынышы боюнча соттук процесс шашылыш өтүп, процесстик кепилдиктер сакталган эмес. Бул адилеттүүлүккө болгон ишенимди алсыратат.

Бөгөт чарасын кароо боюнча соттук териштирүү тараптардын тең укуктуулугу принцибин ачык эле четке каккан шартта өттү. Коргоо тарабы бирдей эмес шарттарга коюлуп, бул адилеттүү соттук териштирүүгө болгон негизги укуктарды орой түрдө бузган.

“Тергөө купуялуулугуна” шилтеме жасалып, коргоо тарапка негизги документтерди көрүүгө уруксат берилген эмес. Бул тыюу коргоо тараптын өз милдеттерин толук кандуу аткаруусуна тоскоолдук жаратып, процесстин ачык-айкындыгына жана мыйзамдуулугуна болгон ишенимди алсыратып жатат.

Сот коргоо тараптын өтүнүчтөрүн, анын ичинде камакка алуу чарасын тандоо үчүн жетиштүү негиздердин жоктугу тууралуу билдирүүлөрдү жана зарыл процессуалдык материалдарды берүү талаптарын четке каккан. Бул коргоо тарабына карата ачык-айкын бир тараптуулукту көрсөтүп турат.

4. Жергиликтүү маалыматтарга ылайык, адвокатка психологиялык басым көрсөтүлгөн. Бул эркиндигинен ажыратылган шартта таптакыр кабыл алынгыс көрүнүш.

5. Бийлик анын кармалышынын себептери боюнча так жана ишенимдүү түшүндүрмөлөрдү бербей, бул иштин саясий мүнөзү бар деген шек туудурат.

Көз карандысыз адвокаттардын билдирүүсүндө ушул сыяктуу мыйзам бузуулар белгиленди.

Ошондой эле Самат Матцаковду тез арада бошотуу жана анын кармалышын иликтөө, куугунтуктан коргоо чараларын көрүүнү талап кылды.  

29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.

Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.    

Сүрөттө: Самат Матцаков (ортодо). Интернет булактарынан      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты