Сот Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камады

  • 2 недели мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Жактоочуга «Алдамчылык» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» беренелери боюнча айып тагылган. Кечээ, 29-ноябрдын кечинде башталган сот түнү менен уланып, чечим 30-ноябрда эртең менен чыккан.

Маалыматта айтылгандай, бул чечимди аталган райондук соттун судьясы Миран Шерматов кабыл алган. «Матцаков соттун чечимин “мыйзамсыз” деп атап, апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматтар боюнча сотко 50дөй жактоочулар Матцаковго колдоо көрсөтүү үчүн чогулушкан. Ал эми сот процессине 30дай жактоочу катышып, анын кызыкчылыгын коргошкон. «Алар бир нече жолу ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок»,- деп жазды «Азаттык».

Эске салсак, 29-ноябрдын күндүзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары аны кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген. Матцаков учурда абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан.

Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты