Самат Матцаковдун бөгөт чарасын кароо 29-декабрга жылды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 27-декабрда Биринчи Май райондук сотунда жактоочу Самат Матцаковдун бөгөт коюу чарасы каралып, ал 29-декабрга жылдырылды. Тергөөчү Матцаковдун бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартууну суранып, сотко арыз менен кайрылган. Бул тууралуу сот отурумуна катышкан «Политклиниканын» кабарчысы билдирди.
Самат Матцаковдун жактоочусу Нурсултан Жаныбеков 29-декабрда Матцаковдун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлөрү же узартыла турганын билдирди.
Ошондой эле соттун жүрүшүндө жактоочулар сотко ишенбөөчүлүк көргөзүшүп, судьяны четтетүүнү өтүнүшкөн. Бирок өтүнүч четке кагылган.
Эске салсак, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.
Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.
Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап, аны 30-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган.
Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.