75чилердин иши: Каптагаев бийлик башындагылардын чечимин колдоо үчүн катка кол койгонун айтты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот иши уланууда. Күбө катары  коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев сот ишине келди жана журналисттерге катка кол койгонун айтты.     

“Көпчүлүгү өлкөнүн туруктуулугу, бийлик башындагылардын чечимин колдоо иретинде кол койгон. Көбү “мейли президентти колдоп коёлу, шайлоо быйыл деле өтүп кетсе кийинки жылы тынч болот” деген максатта кол койгон да. Бирок азыр абал тескерисинче болуп атпайбы. Эми ал соттун жыйынтыгы менен эле билинет” еди Каптагаев журналисттердн суроосуна.

Эмилбек Каптагаев ал катта адегенде өлкөдөгү жетишкендиктер тууралуу айтылып, кемчиликтери да белгиленгенин айтты.

75чилердин иши боюнча сот процесси бүгүн кайрадан жабык режимде өтүүдө.

Күбө катары сот отурумуна мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келди. Бирок ал журналисттердин суроосуна жооп берген жок.

18-июнда Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму айыпкерлердин бири—Эмил Узакбаевден саламаттыгына байланыштуу 22-июнга жылдырылган.

15-июнда Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму өттү. Анда күбөлөр сурак берди. Күбөлөрдүн бири- Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева сурак берди.

75 чилердин каты боюнча сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жана бул иш боюнча камактагылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев катышууда.

75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык өтөт деп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салган. Бүгүн, 22-июнда сот отуруму кайрадан жабык режимде карала турган болду.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты