75чилердин иши: Сотто Сурабалдиева менен Ташиев айтышты
- 4 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 15-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму өттү. Анда күбөлөр сурак берди. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева күбө катары сурак берген учурда Камчыбек Ташиев экөө айтышып кетти.
Элвира Сурабалдиева апрелдин 20ларында Казакстандан Бишкекке келген блогерге берген маегинде Камчыбек Ташиев эмнеге жумуштан алынды деген суроого “Ташиев бийликти күч менен басып алууга аракет кылды” деп жооп бергенин жана Ички иштер министрлигине, Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылганын айтты.
-Апрелдин 20 ларында мен Казакстандан Бишкекке келген блогерге интервью бергем. Ошол интервьюда блогер мага «Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич жумуштан эмнеге алынды эле деп суроо бергенде, мамлекеттик төңкөрүш даярдалган деген таризде жооп бергем. Ошондон кийин Ички иштер министрлигине, Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылгам,-деди депутат Сурабалдиева сотто.
Башкы тергөө башкармалыгына барганда кандай суроолор берилгендиги тууралуу суроого мындайча жооп берди:
-Көп деле суроолор берилген жок. Биринчи Казакстандан келген блогер боюнча суроо берилди. Эки жылдан бери ал блогер кайрылып жүргөн, менин убактым табылбай, шайлоо да болуп, анан бул жакка келип калганда, жооп бергем. Мен бир да жолу журналисттерге «бул суроону бергиле, даяр сурооңорду алдын ала жөнөткүлө» деп сурабайм. Ошондуктан бир чети күтүлбөгөн суроо болуп калды. Бир чети берилгенден кийин, оюмдагыдай жооп бердим, мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө жооп ошондой болду. Экинчиси биз Жогорку Кеңеште ант бергенден кийин, декабрдын ортолору болуп калган, 17-18деринде парламентте «бөлүнбөгүлө» деп сүйлөгөм. Ич ара байкаган нерселерге өз баамды бердим. Тергөөчү тарабынан даярдалган маалымат барбы дегенде, ал жөнүндө маалыматым жок болчу,-деди депутат күбө катары жообунда.
Бөлүнгөндө төрага менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев жана ал жакка кирбей калгандар тууралуу болду.
Сурабалдиева 75чилердин каты парламентте регистрация болгонун айтты. Кат саясий нукта жазылганын белгиледи.
-Саясатта жүргөн адам саясий манипуляция эмне экенин жакшы түшүнөт, катты жазган адамдар саясий манипуляция эмне экенин жакшы түшүнүшкөн, парламент кантип иштей турганын, саясий система кандай иштегенин жакшы түшүнгөн. Бул жөнөкөй кат эмес,-деди Элвира Сурабалдиева.
Сот учурунда Камчыбек Ташиев суроо бергенде, Элвира Сурабалдиева парламентте депутаттык кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн, ошонун негизинде өзү ушундай бүтүмгө келгенин айтты.
Ал эми Камчыбек Ташиев 75чилердин каты боюнча депутаттык иликтөө тууралуу маалымат, факты да болбогонун айтты жана Сурабалдиеванын атасынын өлтүрүлүшү бул факт деп билдирди.
— Факты деген адам өзү конкреттүү көргөн нерсе болот. Мен сиздин атаңызды кантип өлтүрүп кетишкенин өзүм көргөм. Ошондо мен биринчи болуп баргам, ага жардам берүүгө аракет кылгам, -деп, Сурабалдиева саясий пикир айтып жатканын белгиледи.
— Бул жерде атамдын эмне тиешеси бар? Бул психологиялык басым экенин билесизби? Мени эсиме келтирүү сиздин ишиңиз эмес,-деди Сурабалдиева.
-А сиз мени иш бөлмөдөн канча ирет коркутуп, канча жолу камоо менен коркуттуңуз. Муну да баары билет,-деди депутат Сурабалдиева.
75 чилердин каты боюнча сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жана бул иш боюнча камактагылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев катышууда.
Сот отурумунда күбөлөр суралууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматов суракта аны кафеге чакырышканын, эки жолу барбай турганын билдирди.
75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык өтөт. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салды.
Бул иш боюнча айыпталуучулар сот отурумунун ачык өтүнүшүн талап кылышкан. Өтүнүч 11-июнда судья тарабынан канаттандырылды.
11-июнда айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев суракка катышты. Соттук отурумга күбө катары экс-премьер-министри Кубатбек Боронов барды. Ага чейин мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов, коомдук ишмер Досбол Нур уулу келген.
18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.
Сүрөт: 15-июнь 2026-жыл. Видео тасмадан скриншот




