75чилердин иши: Айыптоочулар шектүүлөрдү 9 жылга эркинен ажыратууну суранды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 29-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 75 кишинин каты боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Сот отурум жабык түрдө өтүүдө. Жеке булактардын айтуусунда, прокурорлор айыпка шектүүлөрдүн ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну суранышты.

Сотту судья Азирет Медеров алып барды.   

Сот отурумунда жарыш сөзгө чыгышты. Айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну суранды.  

Сот отурумунун кайрадан жабык режимге өтүшүн соттогу жашыруун күбөлөрдү жана айрымдардын күбө көрсөтмөлөрүн ачыктабоого байланыштуу экендиги айтылган.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. 

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Сүрөт: 15-июнь 2026-жыл. Nurlan Beyshebaev RFE/RL 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты