75чилердин иши: Ташиев баш болгон 8 киши 4 жылга эркинен ажыратылды. Жазаны пробация режиминде өтөшөт
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 2-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарды. Сотту судья Азирет Медеров алып барды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.
Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.
Бүгүн, 2-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 75 кишинин каты боюнча кезектеги сот отуруму өттү. Сот отуруму жабык өттү.
Жеке булактардын айтуусунда, буга чейин прокурорлор айыпка шектүүлөрдүн ар бирин 9 жылдан эркинен ажыратууну суранышты.
18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.
Сүрөт: Сот залынан. 2-июль 2026-жыл. «ПолитКлиника»




