“Кумтөр” иши: Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев камакта калды
- 3 года мурун
Бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Кумтөр” иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Сот Оторбаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу абак жайында калтыруу чечимин чыгарды.
16-сентябрда өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган. Оторбаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу абак жайында калтыруу чечими чыгарылды.
Блу иш боюнча убактылуу абак жайына алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу абак жайында кала турган чечим чыгарылды.
“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган.
«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан.
«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалган.
Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.
«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.
Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.