Ала-Арчада «Мөңгүлөрдүн үнү» даректүү тасмасынын катышуучуларынын экспедициясы өттү
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
16–19-август күндөрү Ала-Арча паркында Адыгене илимий станциясына экспедиция уюштурулуп, анда мөңгүлөр жана гляциолог Гүлбара Оморованын илимий ишмердиги изилденди. Экспедицияга ар кандай курактагы жана кесиптеги жети аял катышты.
Экспедицияны «Мөңгүлөрдүн үнү» долбоорунун режиссёру жана продюсери Тынымгүл Эшиева уюштурду. Ал эки жуманын ичинде жети катышуучудан турган топ түзгөн. Алардын көпчүлүгү буга чейин бийик тоолуу аймактарга жөө жүрүш жасап көрүшкөн эмес.
Экспедициянын биринчи күнү Ала-Арчадан илимий станцияга карай жөө жүрүш менен башталды. Катышуучулар тоолуу аймак аркылуу болжол менен 11 чакырым жол басып өтүштү. Алардын айрымдары үчүн мындай бийиктикке узак убакыт көтөрүлүү биринчи жолу болду.
Физикалык жактан кыйла күчтү талап кылганына карабастан, катышуучулар бири-бирин колдоп, станцияга чогуу жетишти.
Эртеси күнү экспедициянын илимий бөлүгү башталды. Катышуучулар гляциолог Гүлбара Оморо менен бирге мөңгүгө барып, анын түзүлүшү, эрүү процесстери жана геоморфологиялык өзгөрүүлөр менен таанышышты.
Практикалык иштердин бири катары мөңгүгө үч абляциялык рейка орнотулду. Бул приборлор мөңгүнүн эрүү интенсивдүүлүгүн өлчөөгө жана анын бетиндеги өзгөрүүлөрдү байкоого мүмкүндүк берет.
Талаа изилдөөлөрүнүн маалыматтарына ылайык, 2026-жылдын 19-июлунан 16-августуна чейин Адыгене мөңгүсүнүн тилинин аймагындагы аймакта болжол менен 1,4 метр абляция, башкача айтканда, муздун интенсивдүү эриши жана көлөмүнүн азайышы катталган.
Мөңгүнүн төмөнкү бийиктикте жайгашкан айрым бөлүктөрүндө мезгилдик эрүүнүн жалпы көлөмү *бир нече метрге чейин жетиши мүмкүн. Активдүү эрүү мезгили негизинен май айынан сентябрь айына чейин созулат. Бирок акыркы жылдары анын интенсивдүүлүгү жана узактыгы ар бир жылдагы аба ырайынын шарттарына жараша өзгөрүп турат. Экспедициянын жүрүшүндө мөңгүнүн кыймылын жана анын мейкиндиктеги өзгөрүүлөрүн көзөмөлдөө максатында GPS белгилөө да жүргүзүлдү.
Ооба, климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөр ээрип жатат. Бирок мөңгүнүн абалын баалоодо анын бетиндеги эрүү процесстер менен катар масса балансы да маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Гляциологдун байкоолору боюнча, акыркы жылдары Адыгене мөңгүсүнүн топтолуу (аккумуляция) аймагында кар-муздун массасынын жетиштүү топтолушу байкалбай, мөңгүнүн жалпы масса балансы терс бойдон сакталууда. Бул мөңгүдө жоголгон муздун жана кардын көлөмү анын ордун толуктаган жаңы кардын көлөмүнөн көбүрөөк экенин билдирет.
Экспедициянын жүрүшүндө кыздар бул процесстер менен теориялык жактан гана эмес, практикалык түрдө да таанышышты. Алар мөңгүнүн ар кайсы бөлүктөрүндө абляцияны өлчөө, абляциялык рейкалар менен иштөө, GPS аркылуу өлчөөлөрдү жүргүзүү жана мөңгүнүн бетиндеги өзгөрүүлөрдү байкоо иштерине катышышты.
Иштин өзүнчө бир бөлүгү мөңгүнүн этегинде жайгашкан көлдөргө арналды. Станциянын аймагында төрт ири жана бир нече чакан көл бар. Алардын арасында термокарсттык жана мөңгүлүк көлдөр да кездешет. Алардын экөө суу ташып, жарылып кеткен учурда потенциалдуу коркунуч жаратышы мүмкүн.
Адистер бул суу объекттеринин абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушат. Экспедиция учурунда катышуучулар кайык менен чоң көлгө чыгып, эхолоттун жардамы менен батиметриялык өлчөөлөрдү жүргүзүштү. Бул прибор көлдүн ар кайсы чекиттериндеги тереңдикти аныктоого жана алынган маалыматтардын негизинде анын тереңдик картасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Катышуучулар адистин ишине жөн гана байкоо жүргүзбөстөн, илимий жабдуулар менен иштөөнү, маалыматтарды чогултууну жана өлчөөлөрдү жүргүзүүнү өздөрү да үйрөнүштү. Ошондой эле көлдүн төмөн жагында жайгашкан дамбанын туруктуулугу кандай бааланары менен таанышышты.
«Биз үчүн катышуучуларды жөн гана тоого алып чыгуу маанилүү болгон жок. Биз аларга илимий иштин ичинен таанышууга — адистер мөңгүлөргө кандай байкоо жүргүзөрүн, өзгөрүүлөрдү кантип каттап, маалыматтарды кантип чогултарын өз көзү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү кааладык», — дейт экспедициянын уюштуруучусу Тынымгүл Эшиева.
«Мөңгүлөрдүн үнүн окумуштуулар гана эмес, ар бирибиз угушубуз керек. Анткени алардын тарыхы — биздин жалпы келечегибиз», — дейт экспедицияга атайын катышуу үчүн Тажикстандан келген катышуучу Рахбар Хомидова.
Экспедиция «Мөңгүлөрдүн үнү» аттуу даректүү тасманын үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштин бир бөлүгү болду. Фильм Кыргызстандагы мөңгүлөрдү изилдеген аял окумуштуунун эмгеги, бийик тоолуу экосистемаларда болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жаратылышты сактоодогу аялдардын ролу тууралуу баяндайт.
Экспедицияны өткөрүү бир нече өнөктөштүн колдоосу менен мүмкүн болду. Кыргыз Республикасынын Жөө туризм союзу зарыл болгон туристтик жабдуулар менен камсыздаса, НСК компаниясы катышуучуларды камсыздандыруу менен камсыз кылды. Ал эми Креативдүү индустриялар паркы каржылык колдоо көрсөттү. Тасмага каржылык колдоону Кыргыз Республикасындагы Франциянын элчилиги да көрсөттү.
Чыгымдардын бир бөлүгү краудфандинг аркылуу жана экспедицияны уюштуруучунун досторунун жардамы менен жабылды.
Экспедиция 19-августта аяктады. Бирок экспедициянын жүрүшүндө чогултулган материалдар «Мөңгүлөрдүн үнү» даректүү тасмасынын үстүндө иштөөдө мындан ары да колдонулат.
Сүрөттүн автору Айдан Турумбекова




