Кыргызстандык адис Павел Лузанов дүйнө чемпионатында иш алып барууда

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандык адис Павел Лузанов АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында иш алып барууда.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Павел Лузанов АКШнын Сиэтл шаарындагы «Lumen Field» стадионунда беттештердин директору болуп дайындалды.

Мелдештин директору ошол жактагы беттештердин жогорку деңгээлде уюштурулушуна жооп берип, командалар, калыстар жана расмий өкүлдөр менен өз ара иш алып барат. Ошондой эле оюндардын регламентке ылайык өз убагында башталышын көзөмөлдөйт.

Бул стадиондо алты оюн өткөрүлөт. Алардын катарында тайпалык этаптын оюндары, 19-июнда АКШ курама командасынын катышуусундагы беттеш, ошондой эле 30-июнь жана 1-июлда өтө турган плей-оффтун 1/8 финалдык оюндары бар.

Буга чейин Павел Лузанов 2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында жети беттеште иш алып барган.

Мексиканын борбору Мехико шаарынын “Ацтека” стадионунда 11-июнда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Дүйнө чемпионатына 48 мамлекеттин командасы катышууда. КМШги кирген мамлекеттердин арасында Өзбекстан командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышат.  

Бул жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты тарыхтагы эң узун беттеш болмокчу. Анда 104 мелдеш өтүп, 19-июлга чейин созулат. Оюндар Мексикадан тышкары АКШда жана Канадада өтөт. Ал эми дүйнө чемпионатынын финалы Нью-Йоркго жакын, Нью-Жерси шаарынын “Метлайф” стадионунда болот.

Сүрөт: Спорт агенттиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты