Алтындын өздүк наркы эмнеге жогорулады? “Кумтөрдүн” жообу

  • 5 месяцев мурун

Акыркы убакыттарда айрым адамдар тарабынан Кумтөрдө алтын казуу азайып, өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы жогорулады деген билдирүүлөргө «Кумтөр Голд Компани»  жооп берди.

Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап алуу да татаалдашып, алтындын өздүк наркына таасир этти. 2025-жылы бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын өздүк наркы 1 884 долларды түздү,-деп билдирди «Кумтөр». ​

Ошондой эле өздүк нарктын өсүшүнө дүйнөдөгү акыркы геосаясий окуялардан улам, логистиканын, күйүүчү майдын, реагенттердин, тетиктердин, электр энегриясынын, ж.б. кескин кымбатташы себеп болгону айтылды.

-Мисалы күйүүчү май – 50%, реагенттер жана химикаттар – 70%, оор тоо кен жана көмөкчү техникалардын тетиктеринин баасы 30% чейин кымбаттаган. Ошондой эле логистика кыйындап, мурда үч аптада келчү товарлар үч айда жетип, транспорттук чыгымдар 106% же эки эсе өскөн,  электрэнергия 92% кымбаттаган. «Кумтөр Голд Компани» тарабынан 2025-жылы 12 081 кг же 388 418 унция алтын өндүрүлгөн. 2025-жылы бир унция алтындын баасы 2882,7 доллардан башталып, жыл аягында 4 612,95 долларга жеткен жана орточо баасы 3 711 долларды түздү.

Алтын өндүрүүдөн түшкөн жалпы киреше өткөн жылы 1 млрд 434,6 миллион долларга жетип, таза киреше 706 миллион доллардан ашты.

-Салык жана башка төлөмдөр түрүндө 246 млн 507 миң доллар которулган. «Кумтөр Голд Компани» социалдык тармактардагы алтындын наркы жогорулап кетти деген маалыматтарга ушундай жооп берди.

«Кумтөрдүн» мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк алтындын өздүк наркынын жогорулап кеткендигин Фейсбук баракчасында билдирген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты