​“Кумтөр” иши: Төрөбай Зулпукаровдун камак мөөнөтү эки айга узартылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Кумтөр» иши боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралды.

Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 30-ноябрга чейин узартылды.

«Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип, 31-май күнү кармалышкан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдорго карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 1 — июнь күнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кумтөр ишинин айланасында бир катар аткаминерлер, саясий ишмерлер, депутаттар кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты