Бишкектин айрым бөлүктөрүндө эртең суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында эртең, 30-апрелде, саат 09:00дөн 24:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Өчүрүлө турган аймактар: Шабдан. баатыр проспектиси – Хива көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн  Валиханов көчөсүнө чейин)  – Достоевский көчөсү.

Суу “Теплица” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып турсаңыз болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты