9-мартта: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 9-мартта, күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет, айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+4, күндуз +12…+17;
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз 15…+20;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз+ 15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…:+9;
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




