“Кумтөр” иши: Асылбек Жээнбеков менен Темир Сариевдин тарапташтары митинг уюштурушту

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Кумтөр” иши боюнча парламент депутаты Асылбек Жээнбеков менен экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттун алдында Асылбек Жээнбеков менен Темир Сариевдин колдоочулары митинггге чогулушту.

Митингге жүздөн ашык киши катышууда.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө 16-сентябрда өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалды.

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: ПолитКлиника/Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты