​»Кумтөр» иши: Экс-президент Жээнбеков суракка чакырылды

  • 3 года мурун

«Кумтөр» иши боюнча экс-президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.

Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча мурда да сурак берип чыкканы маалым.

«Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалган.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалды.

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты