Сооронбай Жээнбеков: «Мени эч ким коркуткан эмес, кызматымды өз чечимим менен тапшыргам»
- 2 месяца мурун
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун “ПолитКлиника” медиасына берген маегинде»президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган» деген билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине билдирди.
— Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет. Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу “Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган” десе ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз. Беш жылдан бери эч кимге комментарий бербей келем аны жакшы билесиңер. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким ар кандай бурмалабасын деп гана айтып жатам, -деди Сооронбай Жээнбеков.
«ПолитКлиника» медиасынын «Биздин көчөдө» подкастында саясатчы Азимбек Бекназаров Сооронбай Жээнбековду УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев коркутуп, кызматын тапшыруу арызын жаздырганын билдирген.
2020-жылдагы октябрь окуяларынын беш жылдыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Сооронбай Жээнбеков кандайча отставкага кеткени тууралуу мындай деген:
-8 же 9-октябрь бекен, Сооронбай Шарипович менен биринчи жолу резиденциядан жолуктук. Албетте, сүйлөшүүлөр өтө оор өтүп жатты. 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин анан макул болуп, отставкага кетти,-деди президент Садыр Жапаров маегинде.
Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маегинде Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл аянтка чыгып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү Ак үйдү басып алышкан. Толкундоолор учурунда абакта жаза өтөп жаткан жана тергөө абагында жаткан бир катар саясатчылар бошотулган. Алардын катарында Садыр Жапаров дагы болгон. 15-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда бийлигин тапшырып, Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров добуштардын 71,2%ын алып, расмий түрдө президент болуп шайланган.
Сүрөттө: Сооронбай Жээнбеков. president.kg




