Зилзала: Кыргыз куткарууулары Түркиядан эртең кайтып келишет  

  • 1 год мурун

 

Туркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эртең, 21-февралда, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да жана таңкы 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык катталган аймакта күнү-түнү иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларыбызды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат.

18-февралда, зилзала болуп өткөн Түркиянын Хатай облусунун аймагында кыргыз куткаруучулары 13-күн дегенде урандылар алдынан аман-үч кишини алып чыгышты.  Буга чейин урандылар алдынан дагы беш кишини аман куткарышкан.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө кыргызстандык куткаруучулар тарабынан урандылардын алдынан 8 адам куткарылды. 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылды. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кахраманмараш шаарына орнотулнан көчмө ооруканасы, түрк тарапка өткөрүлүп берилди.

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты