Зилзала: Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы миссиясын аяктап жатат

  • 1 год мурун

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) издөө-куткаруу топтору Түркиядагы куткаруу иштерин аяктоого даярданууда. Жалпысынан издөө иштеринин жүрүшүндө урандылардын алдынан 8 тирүү адам жана 100дөн ашуун каза болгондордун сөөгү чыгарылды.Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кахраманмараш шаарына орнотулнан көчмө ооруканасы, түрк тарапка өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандан келген куткаруучулардын кызматынын аякташы жана мекенине жөнөтүлүшү боюнча чечим Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) Анкарадагы борбордук кеңсеси менен бирге, 20-февралда кабыл алынат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча cаат 18:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 21:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 40 689 адамга жетип, 108 068 адам жарадар болду.

Түрк тараптын маалыматына ылайык, Кахраманмараш менен Хатайдан башка бардык шаарларда издөө-куткаруу иштери аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Түркияга болгон боордоштук жардамы, анын ичинде жабыркагандар үчүн боз үй шаарчасын түзүү, дары-дармектер, ошондой эле Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ийгиликтүү издөө-куткаруу иштери, түрк коомчулугу тарабынан жылуу кабыл алынды.

Кахраманмараштагы AFAD лагеринде Элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү менен бирдиктүү убактылуу штаб ишин улантууда. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.

Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде, ошондой эле Кахраманмараштагы AFAD лагеринде күнү-түнү иштеген убактылуу ыкчам штабдардын иши уланууда.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты