Кыргызстанда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Кыргызстанда 2026-жылдын жети айында 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. Алардын ичинен 70 миңге жакыны Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.
Маалыматта айтылгандай, кайрылман статусу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, ошондой эле президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрүнөн турган атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет. Арыздарды кароо мөөнөтү үч айды түзөт.
Отчеттук мезгилде кайрылман статусун
Өзбекстандан келген— 16 киши, Тажикстандан — 351, Кытайдан — 10, Россиядан— 5, Ооганстандан — 1, башка өлкөлөрдөн — 4 киши алган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кайрылмандарга Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге дээрлик тең укуктар каралган.
Кайрылман статусуна ээ болгон адамдар социалдык жөлөкпул, пенсия, медициналык-санитардык жардам, билим алууну алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө укуктуу.
Кайрылмандын күбөлүгү үч жылдык мөөнөткө берилет. Ушул мезгилдин ичинде статус ээлери Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




