Кыргыз-казак төкмө акындар айтышы: Өзгөчө маанай тартуулады

Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–4-сентябрда Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы болуп өттү. Эки элдин төкмө акындары тарыхый байланыштарды, элдердин достугун жана биримдигин, бүгүнкү жетишкендиктерди жана келечекке болгон максаттарды ыр саптарына салып, көрүүчүлөргө өзгөчө чыгармачылык маанай тартуулашты.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эл аралык айтыштын жыйынтыктоочу аземине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлык тапшырды.

Айтыштын жеңүүчүлөрү:  

Баш байге — 300 миң сом:

Мейирбек Султанхан

Элмирбек Иманалиев

1-орун — 250 миң сом:

Мухтар Ниязов

Нурсултан Малдыбаев

2-орун — 200 миң сом:

Хазырет Бердихан

Кутман Садыбакасов

3-орун — 150 миң сом:

Нурлан Эсенкулов

Акматбек Султан уулу

Мындан тышкары, айтышка катышкан башка акындар да жигердүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты