Зилзала: Кыргыз куткаруучулары Хатай шаарында урандылар алдынан дагы 3 кишинин өмүрүн сактап калды  

Бүгүн, 18-февралда, зилзала болуп өткөн Түркиянын Хатай облусунун аймагында кыргыз куткаруучулары 13-күн дегенде урандылар алдынан аман-үч кишини алып чыгышты.  

Алдын ала маалымат боюнча алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Куткаруучулар ата-энесин жана бир баласын аман-эсен куткарып чыгышкан. Ал эми дагы 2 баласы каза болуп калган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Ушуну менен кыргыз куткаруучулары урандылар арасынан 8 адамды аман-эсен алып чыгышты.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты