ЖМК: Кыргызстанда коррупцияга өбөлгө болгон эки үй-бүлө куда-сөөк болду

  • 8 месяцев мурун

OCCRP, «Клооп», «Власть» жана Темиров LIVE Кыргызстанда коррупцияга өбөлгө болгон эки үй-бүлөнүн куда-сөөк болгону тууралуу жазып чыкты.

Анда бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимов Бакай аттуу уулун уйгур бизнесмени Хабибулла Абдукадырдын Аланур аттуу кызына 2021-жылы үйлөнткөнү тууралуу жазылган.

Хабибулла Абдукадыр бажыдагы коорупциялык схемалар тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн каарманы.  Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити журналисттерге Абдукадыр Кытайдын Ош облусу аркылуу Райымбек Матраимовдун жардамы менен Өзбекстангаи контарбандалык товар ташыганын  жазып чыгышкан.

ЖМК: Кыргызстанда коррупцияга өбөлгө болгон эки үй-бүлө куда-сөөк болду
Уулкан Тургунова (Бакайдын энеси) Хабибула Абдукадырдын кызы Аланурга улуттук стилдеги кызыл кемсел жаап жатат. Сүрөт: Instagram

Экөөнүн бири-бирине ич ара пайда алып келген байланышы тууралуу көптөгөн журналисттик иликтөөлөргө карабай, Матраимов Абдукадырдын үй-бүлөсү менен катышы бар экенин мойнуна албай келген.  

Бирок жакында эле журналисттердин колуна тийген кадрларда, азыр бул экөөнү финансы гана эмес туугандык дагы бириктирип калганы белгилүү болду. Соцтармактарга тараган видео тасмаларда, тойдо Хабибула Абдукадыр өзү, Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова, бир тууган агасы — парламент депутаты Искендер Матраимов да жүргөнүн көрүүгө болот. Абдукадыр жана Матраимовдор үй-бүлөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бирге түшкөн сүрөттөрү буга чейин эч жакка жарыяланган эмес болчу.

ЖМК: Кыргызстанда коррупцияга өбөлгө болгон эки үй-бүлө куда-сөөк болду

 Уулкан Тургунова (Бакайдын энеси) Хабибула Абдукадырдын кызы Аланурга улуттук стилдеги кызыл кемсел жаап жатат. Сүрөт: Instagram

Дүркүрөгөн үйлөнүү той өткөн, той ээлери канчалык таасирдүү адамдар экени дароо байкалат. Борбор Азиянын мен-мен деген ырчылары, музыкалык топтору коноктордун көңүлүн ачкан. Алардын арасында ошол кездеги Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы бар болчу. Ал совет доорунда атагы таш жарган «Ялла» тобу менен бирге ырдагандыгы айтылат. 

2019-жылы «Клооп», OCCRP жана «Азаттык Радиосу» Хабибула Абдукадырдын Матраимов менен байланышын таап чыгышкан. Сыйлыктарга татыган иликтөөлөрдүн сериясы «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деп аталат. 

Репортёрлор эки үй-бүлөнүн кызматтык байланыштарын дагы аныкташкан: Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Дубайдан жер тилкесин алган. Тургунова Хабибула Абдукадырдын инилеринин бири Хадир Маймаитили менен биргеликте ал жерге турак жай курган. Olive Residence деп аталган көп батирлүү комплекс 2021-жылы курулуп бүткөн. 2023-жылдын май айына карата, турак үй Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн өнөктөшүнө таандык болуп турган.

ЖМК: Кыргызстанда коррупцияга өбөлгө болгон эки үй-бүлө куда-сөөк болду
Дубайдагы бул беш кабаттуу үй Абдукадыр жана Матраимовдун үй-бүлөсүн байланыштырып турат. Сүрөт: OCCRP

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган болчу.

Ал эми журналисттер Матраимовдор менен Абдукадырлардын ишкердик алакасы уланып жатканын, Тургунова Дубайдагы Olive Residence комплексинин бет маңдайынан үч миллион доллар турган дагы бир жер участогун сатып алганын жазып чыкты. Хабибула Абдукадыр иниси Алимбек Палван менен ал жерде 29 кабаттуу асман тиреген имарат куруп жатат.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

2019-жылы «Клооп», OCCRP жана «Азаттык Радиосу» Хабибула Абдукадырдын Матраимов менен байланышын тап чыгышкан. Сыйлыктарга татыган иликтөөлөрдүн сериясы «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деп аталат. 

2020-жылы Матраимовдордун байманалуу жашоосу, бажы органдары менен байланышы жана саясий таасири тууралуу жаңы иликтөө жарыялаган. 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык иш аракеттерин ашкере кылган маалымат булактарына карата сот чечими чыккан. 23- апрелде Райымбек Матраимов жана анын үй бүлө мүчөлөлөрү мамлекетке ири зыян келтирген коррупциялык иштери тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган «Азаттык», «24.kg», «Клооп» жана иликтөөчү журналист Али Токтакуновго койгон 60 миллион сомдук доо арызынан баш тартышкан.

Алардын келтирген өтүнүчү боюнча 27- апрель күнү Свердлов райондук соту бул ишти токтотту.

Райымбек Матраимовдун айып пул менен камактан кутулуп кеткенине нааразы болгон коомчулук атайын акцияларды да уюштурушкан.

Натыйжада ал 20- февралда кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу камакка алынган. Бирок 15- апрелде «чет жактагы мүлктөрү табылган жок» – деп УКМК анын кылмыш ишин кыскартып, эркиндикке чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты