​Бишкекте “Адилеттүүлүк үчүн!” кезектеги тынчтык митинги уюштурулду

Бишкекте ар жекшемби сайын өтчү “Адилеттүүлүк үчүн!“ тынчтык жөө жүрүшү бүгүн, 14-февралда, да уюштурулду.

Бул жолку тынчтык жүрүшкө катышкандар мурдагы учурлардан да көп болду. Ага 200 дөн ашуун киши катышты.

Митингде сөз сүйлөгөн журналист Али Токтакунов жөө жүрүшкө чыккандар мамлекет башчы Садыр Жапаровго каршы чыкпаганын, адилетсиздикке жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыкканын билдирди.

Тынчтык митингге катышуучулар «Коррупционер камалсын!»“Адилеттүүлүк орносун!”, «Бийлик коррупционер менен дос болбо!» деп ураан чакырып, аянтка чейин жөө жүрүш жасап келишти.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда коррупция беренси боюнча бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салуу чечимин чыгарган. Ошону менен Матраимовдун мүлкү, банк эсептери камактан чыгарылды.

Биринчи май райондук сотунда прокурор Бердибаев Матраимовго 260 миң сом айып салуу керектигин билдирген. Себеби ал ал күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген.

УКМК 2020-жылдын 17-октябрында бажы кызматындагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

Сүрөт: Алтынай Нурланова/ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты