«Эки үлкөн үй-бүлө кудалашты»: Матраимовдор жана Марабаевдер (Видео)
30-августта Ташкент шаарындагы «Marriott Hotel Tashkent» мейманканасында Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин үйлөнүү тою өттү.
Тойго чакырылган коноктордун арасында Кыргызстандагы белгилүү адамдарды дагы көрүүгө болот. Алардын катарында Жогорку Кеңештин экс-депутататтары Жусупбек Коргонбай уулу, Элмурза Сатыбалдиев, Ибрагим Жунусов, дарыгер Сабырбек Жумабеков жана ишкер Аскар Салымбеков бар.
Тойдо белгилүү ырчылар — Люся Чеботина, RAYM жана Филипп Киркоров өнөр тартуулашкан.
Кудалар тууралуу эмне белгилүү?
Аймендин жубайы Самира Казакстандын мунай тармагындагы белгилүү ишкер Жакып Марабаевдин небереси. Тактап айтканда, ал Жакып Марабаевдин кызы Лейла Солтанбаеванын кызы.
Лейла Солтанбаева Semurg Invest холдингинде корпоративдик директор болуп эмгектенет. Аталган холдинг Марабаевдердин үй-бүлөсүнө таандык.
Марабаевдердин холдинги негизинен инфраструктура, транспорт жана логистика, курулуш жана инвестициялык долбоорлор менен алектенет. Холдингдин негизги долбоорлорунун бири — Маңгыстау облусундагы Курык портундагы көп функционалдуу «Саржа» деңиз терминалы болуп саналат.
Райымбек Матраимов деген ким?
Райымбек Матраимовдун ысымы алгач 2017 жылы коомчулукка белгилүү боло баштаган. Эл аралык журналисттик иликтөөлөрдүн маалыматы боюнча, ал бажы кызматында иштеп турганда көмүскө бажы монополиясын түзгөндүгү айтылган. Тагыраагы ал жакындары менен бирге өлкөдөгү 3 негизги бажы терминалын көзөмөлдөп, алар аркылуу жүктөрдү мыйзамсыз өткөрүп тургандыгы баяндалат.
2020-2021 жылдары Райымбек Матраимов “Коррупция” беренеси боюнча айыпталып, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом төккөнү маалымдалган.
2024 жылы ал “Бейбаштык” жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү” деген негиз менен кармалып, абакта бир нече ай кармалган. Кийин 200 млн $ бааланган мүлктү мамлекетке кайтарып, эркиндикке чыккан.
Сүрөт: Интнернет булактарынан




