Матраимовдор журналисттерге койгон доосунан баш тартышты

  • 3 года мурун

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» үн алгысына жана журналист Али Токтакуновго, kloop.kg, 24.kg маалымат агенттиктерине койгон доосунан баш тартты.


Өткөн аптанын башында Райымбек Матраимовго коюлган кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча айыбы кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кыскартылып, ал эркиндикке чыккан.

Райымбек Матраимов жана аялы Уулкан Тургунова, агасы ЖК депутаты Искендер Матраимов, анын аялы Миновар Жумаева, «Исмаил Матраимов» фонду ар – намысыбызга доо кетти деп Али Токтакунов менен «Азаттык» үн алгысына 22,5 миллион сом, кloop жана 24.kg медиасына 15 миллион сом доо коюшкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты