Журналисттерди коргоо комитети “Клооптун” мурдагы кызматкерлери абактан бошотулушу керектигин билдирди  

  • 4 месяца мурун

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) “Клооп” басылмасынын мурдагы төрт кызматкеринин иштери боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы пикирин билдирди.  

17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Үмөталиева массалык баш аламандыктар боюнча ишинде күнөөлүү деп тапкан операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга эркинен ажыраткан, ал эми эки бухгалтерге үч жылдан пробация режимин чегерген.     

CPJ программасынын Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид соттун чечимин акылга сыйбаган чечим катары эсептеди.   

“Операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовго акылга сыйбаган чечим чыгарылды, бул Садыр Жапаров жетектеген Кыргызстандын бийлиги, бийликтин эң жогорку чокусундагы коррупция тууралуу айткан ЖМКга кысым көрсөтүү үчүн кандай чараларга барарын көрсөттү. Кыргызстан басма сөз эркин болгон өлкөдөн  журналисттерди байма-бай түрмөгө камоочу өлкөгө айланып калды. Кыргызстандын бийлиги Александров менен Дуулатовду, ошондой эле Temirov Live долбоорунун директору Махабат Тажибек кызын бошотушу керек» деп билдирди.

17-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Клооп» басылмасынын мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду жалпы режимдеги абакка 5 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал эми эки эсепчиге 3 жылдан пробация режими берилди.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы Чүйдөгү №2 аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты